24.kg
09:34, 15 февраля 2021, 24.kg

Душанбеде белгилүү диний ишмер 5,5 жылга соттолду

Тажикстанда сот белгилүү диний ишмер Сирожиддин Абдурахмоновду (Сирожиддин Эшони) 5,5 жылга эркинен ажыратты. Өкүм 12-февралда чыккан.

Исмоили Сомони райондук соту «Озоди» радиосуна динаятчы экстремисттик уюмдун ишин уюштурууга айыпталганын билдирди. Бул арада «Азия-Плюс» басылмасынын өз булагы Сирожиддин Абдурахмонов өлкөдө тыюу салынган «Салафия» диний кыймылынын ишине катышуу боюнча күнөөлүү деп табылганын кабарлаган.

Тажикстанда салафиттердин бейрасмий лидери катары таанымал белгилүү дин кызматчысы Сирожиддин Эшони (Сирожиддин Абдурахманов) 2020-жылы ноябрда кармалган. Анын компьютери жана диний китептери конфискацияланган.

Сирожиддин Эшони 2009-жылы да камалып, жети жылга эркинен ажыратылган. Анда ага «улуттук, расалык жана диний кастыкты козуткан» деген айып тагылган. Ал абактан 2013-жылы мунапыс менен бошотулган.

2019-жылы апрелде Сирожиддин Эшони видеокайрылуу жасап, бийликтин мобилдик Интернетти кымбаттатканын кубаттаган жана Интернетти «кылымдын оорусу» деп атаган. Ошол эле маалда ал Интернетти такай колдонот жана соңку кездери «Ютуб» каналы аркылуу колдонуучулардын дин тууралуу суроолоруна жооп берип келген.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18