24.kg
09:34, 15 февраля 2021, 24.kg

Алматы акимчилиги 8-мартта феминисттик жүрүш өткөрүүгө уруксат берди

Алматы акимдиги 8-март — Аялдардын эл аралык күнү марш өткөрүүгө уруксат берди. Бул тууралуу Feminita тобу кабарлады.

Топтун маалыматына караганда, жүрүштү Feminita менен бирге «КазФем», «ФемСреда», SVET кору менен FemAgora тобу уюштуруп жатат. Алар митинг үчүн керек болгон каражатты жыйноо үчүн краудфандинг баштоого ниеттенишүүдө.

2020-жылы 8-мартта Алматыда өткөн аялдар маршына 200дөн ашуун аял катышкан. Акция учурунда катышуучулар «Ар бир аял манилүү» деген жазуусусу бар гүлчамбарды өрттөшкөн. Полиция муну «бейбаштык» катары сыпаттап, жүрүштүн эки катышуучусуна айыппул салган.

Быйылкы марш Казакстанда кабыл алынган «Тынч жыйын жөнүндө» жаңы мыйзамдын негизинде өтөт. Казак бийлиги коомчулуктун сынынан кийин митинг мыйзамын өзгөртүп, эркин пикир билдирүүгө жол ачууга убада берген. Бирок талдоочулар жаңы кабыл алынган мыйзамда дале чектөөлөр көп экенин айтышууда. Азыркыга чейин Казакстанда митинг өткөрүү үчүн уруксат алуу кыйын.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18