Улукбек Марипов: Үй-бүлөлүк зомбулук бир үй-бүлөнүн жеке иши эмес
«Зомбулуктун ар кандай фактылары — адам укугунун негиздерине каршы келген кылмыш. Өнүккөн коомдо мындайга жол берилбеши керек. Зомбулуктун ар-түрдүү фактылары, анын ичинде үй-бүлөлүк зомбулук да укук коргоо органдарынын көңүлүнөн четте калбашы керек. Үй-бүлөлүк зомбулук бир үй-бүлөнүн жеке иши катары кабылданбашы зарыл. Мындай фактылар жашырылбастан, коомчулук мындай көрүнүштөрдү жектөө менен кабылдашы тийиш», — деди Улукбек Марипов.