24.kg
14:00, 12 февраля 2021, 24.kg

Бишкекте уюлдук телефонду тоноого шектелип эки жигит кармалды

Бишкекте уюлдук телефонду тоноого шектелип эки жигит кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Билдирүүдө маалымдалгандай, 11-февралда болжол менен саат 01:50дө «102» кызматына Термичиков жана Гагарин көчөлөрүндөгү унаа жуучу жайлардын биринен чөнтөк телефон белгисиз адам тарабынан тартып алынгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери жиберилген. Окуя болгон жерде 22 жаштагы А.Д. аттуу жаран арыз жазган. Анда ошол эле даректен арыз ээсинин 14 миң сом турган «Редми 9» үлгүсүндөгү уюлдук телефонун белгисиз жарандар ачык түрдө тартып алып, качып кетишкен.

Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, кылмышка шектүү катары 25 жаштагы З.А. жана 24 жаштагы А.Д. аттуу жарандарды кармашкан. Аларды Ленин райондук милициясынын тергөө кызматына өткөрүп беришкен.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18