24.kg
13:48, 12 февраля 2021, 24.kg

Муфтияттын башкы бухгалтери 10-апрелге чейин камакка алынды

Муфтияттын башкы бухгалтери Жеңишбай Бекиев эки айга камакка алынды. Мындай чечимди бүгүн,12-февралда Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды.

Соттун басма сөз кызматы кабарлагандай, Бекиев 10-апрелге чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында кармалат.

10-февралда УКМК Муфтият зыяратчылар ажыга баруу үчүн төккөн акчанын 100 миллион сомун жеке банктарга процентке берип, айлантып жүргөнү аныкталганын, кыңыр ишин жашыруу үчүн Муфтият жетекчилиги УКМК кызматкерлерине $100 миң пара сунуштаганын маалымдаган. Коопсуздук кызматы башкармалыктын башкы эсепчиси Бекиевди «Өзгөчө ири өлчөмдө пара берүү» беренеси менен кармап, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизген.

Ошол эле күнү муфтийлик кызматта турган Максатбек Токтомушев бул ишке катышы бар деген шек менен кармалган.

Эске салсак, 12-февралга караган түнү Биринчи май райондук соту Токтомушевди сыртка чыкпоо тил каты менен бошоткон.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18