24.kg
10:50, 12 февраля 2021, 24.kg

2020-жылы мигранттар Кыргызстанга 29 миллион доллар аз акча которушкан

2020-жылы Кыргызстанга жалпы 2 миллиард 377 миллион доллар жөнөтүлдү. Бул тууралуу Улуттук банк кабарлады.

Чет элде иштеген мигранттар которгон акча 2019-жылы которулган каражаттарга салыштырмалуу 29 миллион долларга аздык кылат.

Россиядан 2 миллиард 324 миллион, АКШдан 26, 33 миллион, калган өлкөлөрдөн 17 миллион доллар которулган.

Кыргызстанга сырттан которулган акчанын көлөмү 2017-жылы 2 млрд. 482 млн. долларды, 2018-жылы 2 млрд. 685 млн. долларды жана 2019-жылы 2 млрд. 406 млн. долларды түзгөн.

Өткөн жылы Кыргызстандан 488 миллион доллар чыгарылды.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18