24.kg
16:21, 11 февраля 2021, 24.kg

Орозбек Опумбаев менен Кашкар Жунушалиевдин каякта жүргөнү аныкталды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин экс-төрагасы Орозбек Опумбаев менен мурдагы ИИМ жетекчиси Кашкар Жунушалиевдин каякта жүргөнү аныкталды. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев «Азаттыкка» билдирди.

Ал ошол эле убакта издөөдө жүргөндөр кайсы жакта экенин тактаган жок. Баш прокурор бул боюнча тиешелүү иш-аракеттер жүрүп жатканын белгилеп, жакын арада кененирээк маалымат берилерин маалымдады.

Кыргызстанда 2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор 5-октябрда Бишкекте ири нааразылык акциясын өткөрүшкөн. Бийликтин күч менен алмашуусуна алып келген октябрь окуяларынан бери ИИМдин жана УКМКнын мурдагы жетекчилери Кашкар Жунушалиев менен Орозбек Опумбаевдин кайда экени белгисиз.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18