24.kg
15:43, 11 февраля 2021, 24.kg

Казакстанда орусиялык вакцинаны өндүрүүгө 15 миллиард теңге бөлүнөт

Коронавируска каршы орусиялык «Спутник V» вакцинасын өндүрүү үчүн Караганды фармацевтикалык комплексине бюджеттен 15 млрд 175 млн теңге бөлүнөт. Бул тууралуу «Азаттыктын» казак кызматына саламаттык сактоо министри Алексей Цой билдирди.

Министрдин айтымында, жалпысынан «Спутник V» өндүрүүгө (бир бөлүгү Орусияда өндүрүлөт) 18 миллиард теңге бөлүнгөн. Буга чейин кеп 16,8 миллиард теңге жөнүндө болуп жаткан.

Вакцинанын баасы ушул тапта 26 доллар.

Дары-дармек тараткан «СК-Фармация» дистрибьютору дал ушундай баа менен Караганды фармацевтикалык комплексинен вакцина сатып алат.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18