24.kg
11:30, 11 февраля 2021, 24.kg

Бишкекте жаштар Максат Токтомушевди абактан чыгарууну талап кылышууда

Бишкек шаарында УКМКнын имаратынын алдында мурдакы муфтий Максат Токтомушевди колдоо митинги өтүүдө. Ага көбүнчө жаштар катышууда.

Алар Максат Токтомушевди боштондукка чыгарып, ишин калыс тергөөнү талап кылышууда.

«Биз баарыбыз Максат Токтомушевден билим алганбыз. Ал киши качып кетпейт. Кепилдик беребиз. Керек болсо өзүбүз тергөөгө, сотко алып кетип, кайра алып кетип турабыз. Мынтип камап аброюун түшүрүүнүн зарылчылдыгы жок. Бүт дүйнө карап турат», — дейт митинг катышуучулары.

Алардын айтымында, мурдакы муфтийдин күнөөсү али далилдене элек. «Муфтиятты акчаны банкка депозитке койгондугу үчүн гана айыптап жатышат», — дейт ал.

УКМКнын билдирүүсүндө, ажылыкка топтолгон акча финансалык уюмдарга карызга берилген. Андан тышкары, муфтияттын бухгалтери атайын кызматтын өкүлдөрү 100 миң доллар эсебинде пара сунуштаган.

Муфтияттын маалыматында, 2019-2020-жылы ажылыкка 18,5 миллион доллар топтолду.

Максат ажы Токтомушев кечээ кызматын тапшырган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18