24.kg
17:15, 10 февраля 2021, 24.kg

Статком: Январда экономикалык өсүү 7,6 пайызга төмөндөдү

2021-жылдын январь айында ички дүң продукт 33 миллиард сомдон ашып, 7,6 пайызга төмөндөдү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирет.

Маалыматка караганда, «Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, 2021-жылдын январь айында ИДПнын көлөмү 30 миллиард сомго жакындап, 4,5 пайызга азайды.

Өнөр жай продукциясынын көлөмү 2021-жылдын январында 22 миллиард сомго жакындады жана өткөн жылдын январь айына салыштырмалуу 9,5 пайызга төмөндөдү.

Курулуш тармагы 22,5 пайызга жакын төмөндөдү, дүң жана чекене соода тармагында көрсөткүчтөр 12,0 пайызга түшсө, айыл чарбасы 0,9 пайызга өстү.

Керектөө баалар жана тарифтер баарынан да Нарын менен Баткен облустарында 1,5 пайызга жогору экени аныкталды.

2020-жылдын январь-декабрында республиканын ЕАЭБге мүчө-мамлекеттери менен өз ара соодасынын көлөмү 2,4 млрд АКШ долларын түзүп, 2019-жылдын январь-декабрына салыштырмалуу 12,5 пайызга азайган.

Мында экспорттук жөнөтүүлөр — 14,9 пайызга, импорттук келип түшүүлөр — 11,7 пайызга төмөндөдү. Республиканын ЕАЭБге мүчө-мамлекеттери менен өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россияга (64,9 пайызы) жана Казакстанга (33,1 пайызы) туура келди.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18