24.kg
11:28, 10 февраля 2021, 24.kg

Жакынкы беш жылдын ичинде 7,5 миң үй-бүлө турак жай менен камсыздалмакчы

Премьер-министр Улукбек Марипов жумушчу кеңешмеге катышып, анда Экономика министрлиги «Мамлекеттик ипотекалык компания» ачык акционердик коому менен биргеликте иштелип чыккан «Менин үйүм 2021-2026» аттуу өкмөттүн программасынын концепциясынын долбоору тартууланды.

Программа долбоору аркылуу 2021-2026-жылдары 7 миң 500 кем эмес үй-бүлөнү турак-жай менен камсыздоо, жалпы аянты 150 миң чарчы метр кем эмес турак-жай сатып алууну жана курууну каржылоо, жалпы суммасы 5 миллиард сомдон кем эмес инвестиция тартуу, 1 миллиард сомдон кем эмес суммадагы ипотекалык баалуу кагаздарды чыгаруу жана жайгаштыруу каралууда.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча «Менин үйүм 2021-2026» программасынын концепция долбоорун жактыруу чечилди.

Жакынкы арада өкмөт программанын долбоорун бекитүү жөнүндө тийиштүү чечим кабыл алынат.

Премьер-министр тийиштүү мамлекеттик органдарга өнөктөш-банктар жана донорлор менен биргеликте мамлекеттик ипотека боюнча пайыздык ченди кыскартуу жөнүндө маселени иштеп чыгууну тапшырды.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18