24.kg
14:42, 09 февраля 2021, 24.kg

Садыр Жапаровго белекке берилген унаа Турдакун Усубалиевге тиешелүү эмес

Садыр Жапаровго белекке берилген унаа Турдакун Усубалиевге тиешелүү эмес. Бул тууралуу Турдакун Усубалиев атындагы фонд билдирди.

Фонддун айтымында, Турдакун Усубалиевде мындай автоунаа болгон эмес.

«Ал кездеги саясаттан улам жогорку кызматтагы адамдарга мындай белектердин берилиши мүмкүн эмес болгон. Берилген күндө да Атайын кызматтын жана партиянын көз жаздымында калмак эмес», — дейт фонд.

Унаанын Турдакун Усубалиевге тиешеси жоктугун Мамлекеттик каттоо кызматы дагы ырастаган. 

Белгилей кетсек, бүгүн Садыр Жапаров Турдакун Усубалиевге тиешелүү унааны белекке алганын, аны музейге өткөрүп берерин жарыялаган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18