24.kg
13:49, 09 февраля 2021, 24.kg

Жүзү жарык көрүнгөн. Садыр Жапаров Эрмек Нургазиев мэр боло албастыгын айтты

Президент Садыр Жапаров Эрмек Нургазиевдин Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу кызматка дайындалышын сынга алды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

Садыр Жапаров айрым жаш кадрлар маектешүүдө жүзү жарык, иштемчил көрүнгөнүн белгилейт.

«Мурда-кийин бийликте иштебеген, коррупциялык иштерге аралашпаган деп тандаган кадрлардын артында да хулигандык, мүлк талаш иштери бар экен. Ошондуктан, шаардын мэрлигине коюуга мүмкүн эмес», — дейт.

Өкмөттүн маалымат кызматынын билдирүүсүндө, Эрмек Нургазиевди премьер-министр Улукбек Марипов аталган кызматты убактылуу аркалоого бекиткен.

Эрмек Нургазиев бүгүн өзү Садыр Жапаров менен эки жолу жолугушканын айтты.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18