24.kg
10:21, 09 февраля 2021, 24.kg

Сох анклавында аэродром курулушу башталды

Фергана облустук акимчилиги 8-февралда Сох районунда аэродромдун курулушу башталганын билдирди.

Маалыматка караганда, 4,5 гектар жерге курула турган аэродромдун учуу-конуу тилкесинин узундугу 650, туурасы 100 метрди түзөт. 12 миллиард сумга (1,1 миллион доллар) бааланган объектини быйыл май айында куруп бүткөрүү пландалууда.

2020-жылы май айында Кадамжайдын Чечме айылы менен Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылынын жашоочуларынын ортосунда булак талаштын айынан жаңжал чыккан. Анда 187 өзбекстандык ар кандай жараат алып ооруканага түшкөн. Алардын үчөөнө мылтыктын огу тийип, бир нече турак жай өрттөлгөн. Күбөлөр жараат алгандардын көбү өзбек аскерлеринин элди тынчытып таратуу аракети маалында жабыр тартканын айтышкан.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Сохтогу чатактан Кыргызстан тараптан 25 киши түрдүү жараат алып, эки адам оор абалда ооруканага түшкөн.

Кийинчерээк Өзбекстанда «2020-2021-жылдары Сох районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча чаралар тууралуу» президенттин токтому кабыл алынган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18