24.kg
16:14, 08 февраля 2021, 24.kg

Садыр Жапаров өзүнүн сүрөтүн аткаминерлердин кабинеттерине илбөөнү сунуштайт

Президенттин басма сөз-катчысы Галина Байтерек Мамлекет башчысынын сүрөтүн илүү маселеси боюнча үн катты.

Айтымында, кабинеттерге, мамлекеттик мекемелердин имараттарына элдин биримдигин жана мамлекеттик бийликти туюнтуу максатында президенттин сүрөтүн илип алганга көнүп калышкандыгын белгиледи.

«Президент Садыр Жапаров «жарандарыбыздын турмушун жакшыртуу жаатында азырынча эч нерсе жасай элекмин» деп эсептейт. Андыктан, ал мамлекеттик бийликтин бардык органдарына анын портретин кабинеттерге жана административдик имараттарга илбөөнү сунуштайт. Садыр Жапаровдун пикиринде, мамлекеттүүлүгүбүздү бекемдөөгө жана Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө баа жеткис салым кошкон Жусуп Абдрахманов, Исхак Раззаков сыяктуу көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлердин сүрөттөрүн илүү максатка ылайык келет», — деди Галина Байтерек.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18