24.kg
09:29, 08 февраля 2021, 24.kg

Казакстанда бир суткада коронавирустан сегиз киши өлдү

Казакстанда бир суткада COVID-19 вирусун жуктурган 1 146 учур катталды. Дагы 69 киши «коронавирустук пневмонияга» учураганы аныкталды.

Расмий маалыматтар боюнча Казакстанда коронавирус инфекциясын жуктургандардын жалпы саны 195 112ни түздү. Пандемия башталгандар бери өлкөдө бул илдеттен 2 595 киши өлдү, соңку суткада сегиз адам көз жумду.

Өлкө «коронавирустук пневмонияга» чалдыккандардын жана андан өлгөндөрдүн статистикасын былтыр 1-августтан баштап гана жүргүзүүдө. Бул убакыт аралыгында вирустук пневмонияга 48 295 киши чалдыгып, 579 адам каза болду.

Ушул тапта 27 107 адам дарыланып жатат, 269 бейтаптын саламаттыгы начар, дагы 48 бейтап өтө оор абалда, 42 киши ИВЛ аппаратына туташтырылган

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18