24.kg
16:50, 05 февраля 2021, 24.kg

Зулушев бахилдерди 150 сомдон саткан компаниянын атын атады

Пандемия маалында бир бахиланы 150 сомдон «Фарватер» деп аталган ЖЧК сатып алып келип берген. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев маалымат жыйында билдирди.

Айтымында, эгер тергөө сапаттуу жүргүзүлсө сумма мындан дагы көбөйүшү мүмкүн.

«Учурда Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы департаменттин бир нече кызмат адамдары тергелип жатат. Бул иш боюнча министрге дагы жетишибиз мүмкүн», — деди Зулушев.

Эске салсак, Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүү департаменти пандемия учурунда жасаган кылмыш иштери аныкталганы маалымдалган. Анда тендерден уткан «Ф» аттуу компания нитрил кол каптардын ордуна техникалык спецификацияга дал келбеген 101 миң 330 даана латекстен жасалган кол каптар менен камсыздаган. 150 миң даана 1,5 сомдук бахиланын ордуна ар бирин 150 сомго баалап 1 миң 500 даана алып келишкени айтылган. Мунун кесепетинен мамлекетке 5 миллион 175,2 миң сомдук материалдык зыян келтирилген.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18