24.kg
12:30, 05 февраля 2021, 24.kg

ЕБ Москвадагы дипломаттарына «Спутник V» менен эмдөөдөн өтүүгө уруксат берди

Европа Биримдиги (ЕБ) Москвадагы дипломаттарына коронавируска каршы Орусиянын өндүрүшүндөгү «Спутник V» вакцинасы менен эмдөөдөн өтүүгө уруксат берди. Бул тууралуу ЕБ делегациясынын «Эркин Европа/Азаттык» радиосуна келип түшкөн расмий катында жазылган.

Анда ЕБ аймагында расмий түрдө уруксат бериле элек вакцинаны каалаган дипломаттар сайдырса болору белгиленген.

Аталган радионун Москвадагы булактары Орусиянын бийлик өкүлдөрү чет элдик дипломаттарга жолугушкан сайын «Спутник V» вакцинасын сайдырууну сунуш кылып жатканын кабарлады.

Апта башында дүйнөдөгү абройлуу илимий басылмалардын бири эсептелген The Lancet журналы коронавируска каршы Орусиянын «Спутник V» вакцинасын изилдөөнүн үчүнчү баскычынын алдын ала жыйынтыгын жарыялап, анын натыйжалуулугу 91,6% түзгөнүн билдирген.

Учурда Европанын Дары-дармек агенттиги коронавируска каршы «BioNTech», «Moderna» жана «AstraZeneca» вакциналарын каттоодон өткөргөн.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18