24.kg
10:58, 05 февраля 2021, 24.kg

Улукбек Мариповдун алгачкы иш сапары. Ал өзбек премьер-министри менен жолугушту

Өзбекстан президент Садыр Жапаровду иш сапар менен келип кетүүгө чакырды. Бул тууралуу премьер-министри Улукбек Мариповдун Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов менен жолугушуусунда айтылды.

Улукбек Марипов Алматы шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышууда.

Өкмөт башчылар соода-экономикалык, инвестициялык, айыл чарба, маданий-гуманитардык, суу-энергетикалык жана транспорттук тармактардагы эки тараптуу кызматташтык маселелеринин кеңири чөйрөсүн талкуулады.

«Кыргыз Республикасы өз-ара ишенимге негизделген чыныгы бир туугандык мамилелер менен сыймыктанат. Биз Өзбекстан Республикасы менен мындан ары карай дагы стратегиялык өнөктөштүктү активдүү өнүктүрүүгө даярбыз», — деди Улукбек Марипов.

Өзбекстан Республикасынын Өкмөт башчысы Абдулла Арипов өз кесиптешин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктап, кыргыз-өзбек мамилелери жогорку ишеним деңгээлинде экендигин белгиледи.

«Өзбекстан президенти башында турган өзбек тарап кыргыз элин ар кандай башталышта колдоого алаарын жана эки элдин жана өлкөнүн кызыкчылыгына дал келген бардык долбоорлорго колдон келген көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин ишенимдүү түрдө билдире алам», — деди ал.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18