24.kg
09:07, 05 февраля 2021, 24.kg

Өкмөт: Төрт-Гүлгө куйган канал толугу менен Кыргызстанга таандык

Төрт- Гүл суу сактагычы жана ага кошулган каналдар Кыргызстанга таандык. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Алардын айтымында, премьер-министр Улукбек Марипов чек ара эмес, суу боюнча келишимдер боюнча оюн айткан.

«Улукбек Марипов 1991-жылдын 16-майында кол коюлган келишим боюнча суу ресурстарын бөлүштүрүү көйгөйүн билдирген. Бүгүнкү күндө аталган келишим боюнча тараптардын айрым пикир келишпестиги орун алган жана бул маселе өкмөт башчы тараптан эске салынган», — дейт өкмөт.

Белгилей кетсек, 3-февралда Жогорку Кеңеште сөз сүйлөп жатып, Улукбек Марипов Төрт-Гүл суу сактагычына куйган каналдын башы Тажикстанга өткөнүн айткан.

Суу сактагычтын көлөмү 90 миллион кубду түзөт. Ал 1972-жылы курулган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18