24.kg
18:45, 03 февраля 2021, 24.kg

Өкмөттүн жаңы курамы бекитилди

Садыр Жапаров өкмөт мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жарлыкка ылайык:

— Улукбек Кармышаков вице-премьер-министр — экономика жана каржы министри кызматына дайындалды;

— Жеңишбек Асанкулов өкмөттүн Аппаратынын жетекчиси — министр кызматына дайындалды;

— Таалайбек Өмүралиев мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, коргоо министри кызматына дайындалды;

— Руслан Казакбаев мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, тышкы иштер министри кызматына дайындалды;

— Асель Чынбаева юстиция министри кызматына дайындалды;

— Улан Ниязбеков мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, ички иштер министри кызматына дайындалды;

— Алмазбек Бейшеналиев мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, билим берүү жана илим министри кызматына дайындалды;

— Алымкадыр Бейшеналиев мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри кызматына дайындалды;

— Гүлмира Абдралиева транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министри кызматына дайындалды;

— Кубанычбек Турдубаев энергетика жана өнөр жай министри кызматына дайындалды;

— Аскарбек Жаныбеков айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри кызматына дайындалды;

— Бообек Ажикеев мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, өзгөчө кырдаалдар министри кызматына дайындалды;

— Кайрат Иманалиев маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри кызматына дайындалды;

— Камчыбек Ташиев мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматына дайындалды.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18