24.kg
12:55, 03 февраля 2021, 24.kg

Камчыбек Ташиев: Коррупционерлер жеген акчаны төлөйт, же түрмөдө олтурат

«Эч бир коррупционерге жеңилдик берилбейт» — деп Жогорку Кеңештин жыйынында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

Анын айтымында, учурда эки ири коррупциялык иштер тергелүүдө.

«Баардык коррупциялык иштер көтөрүлөт. Эч кимге жеңилдик болбойт. Анын жүргөн турганы, кимге жакындыгына карабай, жоопкерчиликти карайбыз. Канча жыл өтүп кеткени дагы маанилүү эмес. Түндүк-түштүк жолу боюнча дагы иштер каралып жатат. Коррупционерлер акчаны төлөйт, же жеп койгон болсо, түрмөдө олтурат», — деди ал.

Камчыбек Ташиев 9-жылдан бери биринчи жолу парламенттин жыйынына катышып жатканын белгилеп өттү.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18