24.kg
12:37, 03 февраля 2021, 24.kg

Бишкекте Улукбек Мариповдун премьер-министр болушуна каршы митинг өтүүдө

Бишкекте президент Садыр Жапаровдун колдоп жүргөн активисттер митингге чыгышты. 40ка жакын адам Жогорку Кеңештин имаратынын алдына чогулду.

Бакай Кашкарбаев жетектеген кишилер Улукбек Мариповдун өкмөттү жетектөөсүнө каршы чыгышууда.

Алардын айтымында, Улукбек Марипов премьер-министрлик орунга татыктуу эмес.

Белгилей кетсек, жаңы өкмөттүн курамына 5-октябрдагы башаламандыктан кийин дайындалгандар — Элвира Сурабалдиева, Тилек Токтогазиев жана Сыймык Жапыкеев кирген жок.

Сыймык Жапыкеев Экономикалык кылмыш менен күрөшүү кызматын жоюуга каршы чыгып, социалдык тармактагы баракчасы аркылуу тарапташтарына кайрылуу жасады.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18