24.kg
12:15, 03 февраля 2021, 24.kg

Өз кызын зордуктоого шектелип Чүй облусунун тургуну кармалды

Чүй облусунун Аламидин районунун тургуну зордуктоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 19 жашар кыз милицияга арыз менен кайрылган. Анын айтымында, өз атасы тарабынан эки жолу зордуктоого кабылган.

Photo 196802

Биринчи жолу кызын 2019-жылы зордуктаган. Акыркы жолу 1-февраль күнү саат 17.00дө кол салат. Кыз окуяны апасы айтып берип, экөө укук коргоо органдарына кайрылышат.

37 жаштагы шектүү кармалды. «Зордуктоо» факты менен иш козголуп, териштирүү башталды.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18