24.kg
10:29, 03 февраля 2021, 24.kg

COVID-19. Вирустун жаңы түрү 80 өлкөгө жайылды

Коронавирустун жаңы түрү бир жума ичинде дагы он өлкөдөн табылды. Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму маалымдайт.

Алгач Британиядан табылган түрү өзгөргөн вирус жалпысынан 80 өлкөгө жетти.

Вирустун дагы бир түрү — 501Y. V2, алгач Түштүк Африка мамлекетинде аныкталып, азыр жалпы 41 өлкөгө таркады. Акыркы жумада 8 өлкөдөн аныкталды.

Коронавирустун дагы бир түрү Бразилиядан чыкты. 27-январдан тарта ал эки өлкөдө чыкса, дагы он мамлекетке жеткени айтылууда.

Дүйнөдө коронавирусту 103,4 миллион адам жуктуруп, 2,2 миллиону каза тапты.

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18