24.kg
09:49, 03 февраля 2021, 24.kg

Референдум жана жергиликтүү кеңештерге шайлоого 500 миллион сом сарпталат

Конституциянын жаңы долбоорун кабыл алуу боюнча референдумга жана жергиликтүү кеңештерге шайлоого бюджеттен 500 миллион сом сарпталат. Бул тууралуу 24.kg агенттигине БШКнын мүчөсү Тынчтык Шайназаров билдирди.

Анын айтымында, Жогорку Кеңеш референдум боюнча мыйзамды кабыл алгандан кийин референдум күнү белгилүү болот. Андан тышкары президент жергиликтүү кеңештерге шайлоо күнүн жарыялайт

«Жергиликтүү кеңештерге шайлоо 11-апрелде өтөт. Аны аймактык шайлоо комиссиялары өткөрөт. Эки добуш берүү компаниясына алдын-ала эсептөөлөр боюнча 500 миллион сом жумшалат», — дейт ал.

Белгилей кетсек, 10-январда өлкөнүн башкаруу формасын аныктоо боюнча добуш берүү өтүп, анда президенттик башкаруу аныкталды. Конституциянын жаңы долбоору ага ылайык жазылып даярдалды. Парламентке референдум боюнча мыйзам долбоор киргизилди. Ага ылайык депутаттар кабыл алып, Баш мыйзамдын жаңы долбоорун кабыл алууга добуш берүү күнүн жарыялайт.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18