24.kg
17:22, 01 февраля 2021, 24.kg

Кыргызстанда «Маариф» фондунун мектептери күзүндө ачылат

Түркиянын «Маариф» фондунун мектептери Кыргызстанда жаңы окуу жылында ачылат. Бул боюнча Билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Алмазбек Бейшеналиев Борбордук Азиядагы «Маариф» фондунун директору Хүснү Биржан мырза менен жолугшууда айтылды.

Түрк тараптын өкүлү билдиргендей, жаңы окуу жылында «Маариф» фондунун алгачкы жалпы билим берүү мектебин ачуу үчүн фонд тарабынан бардык керектүү иштер жасалып жатат.

«Мамлекеттик стандартка ылайык, окутуу кыргыз тилинде дагы жүргүзүлө турган мектептин Бишкекте ачылышы пландалууда. Окуучулар үчүн дагы, мугалимдер үчүн дагы бардык шарттар түзүлөт. Макулдашуунун шарттарына ылайык, мугалимдердин басымдуу бөлүгү Кыргыз Республикасынын жарандары болмокчу», — дейт Билим берүү жана илим министрлиги.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18