24.kg
10:52, 01 февраля 2021, 24.kg

Бишкек мэриясы мектептерди оффлайн-режимге өткөрбөй турууну чечти

Бишкек мэриясы азырынча баш калаанын мектептериндеги айрым класстар менен бала бакчаларды кадимки режимдеги иш тартибине кайтарбай туруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Мындай чечим социалдык маселелер боюнча вице-мэр Айжан Чыныбаева жетектеген Эпидемияга жана эпизоотикага каршы шаардык комиссия эпидемиологиялык абалга мониторинг жүргүзгөндөн кийин кабыл алынды. Чечимге ылайык, 1-5-9-11-класстардын окуучулары гана мектептерге барып билим алышат.

Буга чейин мэрия бала бакчалардын ишин 20-январдан, мектептердеги бардык класстардын окуусун 1-февралдан тартып кадимки режимге өткөрүү планын билдирген.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстанда мектептер жана бала бакчалар 2020-жылдын март айынан тартып карантинге жабылган. Мектептер 4-чейректи аралыктан окуу менен аяктап, быйылкы жаңы окуу жылын да онлайн системада окуу менен улантышкан. Экинчи чейректен тартып айрым жашыл аймактагы мектептерге 1,5,9,11-класстарга салттуу түрдө окутууга уруксат берилген.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18