24.kg
11:58, 29 января 2021, 24.kg

Акыркы айда күйүүчү майдын баасы 8,6 пайызга арзандады

Январь айында бензиндин баасы 8,6 пайызга , ал эми дизель 17,1 пайызга төмөндөдү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирет.

Маалыматка караганда, АИ-92 бензин эң кымбат Исфана шаарында (бир литри — 40,00 сом), эң арзан — Чүй облусунун Покровка айылында (бир литри — 34,50 сом) сатылууда.

Дизелдик күйүүчү майы Исфана шаарында бир литри 40 сом, Балыкчыда — 35,16 сом.

Өткөн жылдын январь айына салыштырмалуу АИ-92 бензининин максималдуу төмөндөшү Кербен шаарында 4,89 сомго же 12,0 пайызга, Чаек айылында 4,00 сомго же 10,0 пайызга жана Өзгөн шаарында 3,96 сомго же 9,8 пайызга байкалган.

Муну менен катар, дизелдик күйүүчү майга болгон баанын бир кыйла төмөндөшү Караколдо 8,57 сомго же 19,5 пайызга, Балыкчыда 8,21 сомго же 18,9 пайызга жана Бишкекте 8,07 сомго же 17,9 пайызга белгиленди.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18