24.kg
15:29, 28 января 2021, 24.kg

ТИМ: «Аэрофлоттун» Москва-Бишкек каттамынын режими өзгөргөн жок

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги ЖМКларда «Аэрофлот» авиакомпаниясы бир катар эл аралык аба каттамдарын токтоткондугу тууралуу тараган маалымат боюнча билдирүү жасады.

ЖМКларда аталган авиакомпаниясы 2021-жылдын 28-мартынан 30-апрелине чейин Москвадан 80 шаарга, анын ичинде Бишкек жана Ошко болгон каттамын токтоткондугу жарыяланган.

Министрликтен билдиришкендей, мындай чечим күн сайын абага көтөрүлгөн каттамдарга гана тиешелүү.

«Москва-Бишкек багыты боюнча каттамдар мурунку режимде улантылат. Бүгүнкү күндө «Аэрофлот» авиакомпаниясынын учактары жумасына бир жолу жума күндөрү Москва-Бишкек-Москва багыты боюнча учууда. Ошондой эле күн сайын чартердик каттамдар Москвадан Бишкек, Ошко жүрүүдө. Мындан сырткары, ушул эле авиакомпаниянын чартердик каттамдары Бишкек, Оштон Россиянын башка шаарларына да учууда», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, «Авиа Траффик Компани» авиакомпаниясынын учактары жумасына бир жолу Бишкек-Москва-Бишкек каттамы боюнча жүрүүдө.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18