24.kg
10:30, 28 января 2021, 24.kg

Мэрия Ош базарындагы көмүскө жайларды жок кылмакчы

Ленин акимиатынын жыйындар залында башчынын биринчи орун басары Алтынбек Маматовдун төрагалыгы алдында Ош базарынын жана райондун аймагында көмүскө жайларды аныктоо жана аларды токтотуу, коомдук тартипти сактоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын отуруму өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Чүй проспектиси, Бейшеналиева, Рыскулов жана Павлов көчөлѳрү чектешкен аймакта көмүскө жайларды жоюу маселеси талкууланды.

Райондук акимиаттын кызматкерлерине райондо тартипти туруктуу камсыздоо, биргелешкен рейддик иш-чараларды өткөрүү тапшырылды.

Ошондой эле, тейлөө чөйрөсүнүн объектилерин жайгаштырууну тартипке келтирүү, башаламан сооданы жоюу, керектөөчүлөрдүн укуктары менен кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу максатында, Ленин райондук администрациясы бир нече ишкерлерге, жол жээгинде соода кылгандарга башаламан сооданы уюштурууга тыюу салуу жөнүндө эскертүүлөрдү берди.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18