24.kg
09:43, 28 января 2021, 24.kg

Казакстан «Спутник V» вакцинасын сатып алууга 40 миллион доллар жумшайт

Казакстан Орусиянын өндүрүшүндөгү «Спутник V» вакцинасын сатып алуу үчүн 16,8 миллиард теңге (40 миллион долларга жакын) каражат жумшайт. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттык сактоо министринин орун басары Марат Шоранов билдирди.

Анын айтымында, вакцинанын бир бөлүгү Орусиянын өзүнөн, калганы «Спутник Vны» сыноо иретинде өндүрө баштаган «Караганды фармацевтикалык комплекси» компаниясынан алынат.

«Жалпысынан бюджетте 10 миллион кишини вакцина менен камсыз кылуу үчүн 50 миллиард теңгеге жакын каражат каралган. Алардын эки миллион дозасы Орусиянын өндүрүшүндөгү вакцина болот. Анын ар бирин 20-26 доллардан алсак, жалпы баасы 16-17 миллиард теңгени түзөт. Акыркы баасы келишим түзүлгөндө белгилүү болот», — деди Шоранов.

Өткөн жумада Казакстандын саламаттык сактоо министри Алексей Цой өлкөдө коронавируска каршы калкты жапырт эмдөө 1-февралда башталарын, бул үчүн «Спутник V» вакинасы колдонуларын билдирген.

«Биринчи кезекте инфекциялык оорукана, тез жардам, реанимация бөлүмү, ооруканалардын кабыл алуу бөлүмүндө иштеген кызматкерлер, санитардык-эпидемиологиялык кызматкерлер эмделет. Бул болжол менен 100 миң киши. Эмдөө 2021-жылы 1-февралда башталат», — деген Цой.

Казакстандын бийлиги азырынча Батыш өлкөлөрүндө өндүрүлгөн AstraZeneca, Pfizer-BioNTech, Moderna вакциналарын сатып алуу планы жөнүндө маалымат бере элек. Бул вакциналар сыноонун бардык баскычтарынан өтүп, жогорку деңгээлдеги натыйжалуулугун көрсөткөн. Бүгүнкү күндө аларды Европа биримдигине кирген өлкөлөр, АКШ жана Улуу Британия колдонууда.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18