24.kg
16:01, 27 января 2021, 24.kg

Курсан Асановду ИИМди жетектөөгө Өмүрбек Суваналиев чакырган

Курсан Асановду ИИМди көзөмөлдөөгө Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Өмүрбек Суваналиев чакырган. Бул тууралуу саясатчы Жеңиш Молдокматов билдирди.
 
Анын айтымында, 6-октябрь күнү Өмүрбек Суваналиев Курсант Асановду чакырып, ага Бишкек шаарына комендант болууну сунуштаган.
 
"Курсан Асановдун жанында Темир Сариев менен Чынара Жакупова дагы болгон. Ал  Бишкекте кечкисин мородёрлук болбосун, шаарга комендант болуп берүүнү суранган. Курсан Асановду ИИМдин ошол кездеги орун басары Алмаз Орозалиев өзү алып барып, Кашкар Жунушалиевдин иш бөлмөсүн ачып берип, кызмат ордуна отургузган", - дейт Жеңиш Молдокматов.
 
Белгилей кетсек, кечээ Курсан Асанов 6-октябрда ИИМди басып алуу айыбы менен кармалды. 

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18