24.kg
15:38, 27 января 2021, 24.kg

COVID-19 жана эмгек рыногу: көбүнчө аялдардын жумуш орду кыскарган

2020-жылдагы кыскартуулардан кийин эмгек рыногунда жандануулар пайда болду. Бул тууралуу Эмгек эл аралык уюму билдирет.

Маалыматка караганда, өткөн жылы 225 миллион жумуш орду, же иштөө убакыты 8,8 пайызга кыскарган. Дүйнөдө 114 миллион киши жумушсуз калды. Анын 71 пайызы карантин учурунда ишин уланта албагандар, же коронавирустан улам иштөөдөн баш тарткандар.

Калктын кирешеси 8,3 пайызга кыскарган.

Эмгек эл аралык уюмунун маалыматында, көбүнчө аялдардын жумуш орду кыскарган.

Пандемия мейманкана жана азык-түлүк индустриясына оор сокку урду. Бул тармакта 20 пайыз иш орундары жабылды. Андан кийин өндүрүш мен чекене соода жоготууларга дуушар болду.

Тескеринче, маалыматтык-коммуникация, финансы, камсыздандыруу ишканаларынын кирешеси көбөйгөн.

Эл аралык уюмдун адистеринин баамында, 2021-жылы эмгек рыногу жылдын экинчи жарымында ордуна келе баштайт.

Бирок, эгер коронавируска каршы эмдөө созулуп кетсе, жумуш орундардын дагы 4,6 пайызга жоготууга учурайт. Эмдөө убагында ишке ашкан күндө дагы компаниялар кыскартууну улантат. Бирок, 1,3 пайызга гана азайышы күтүлөт.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18