24.kg
12:26, 27 января 2021, 24.kg

Аялдарга карата кылмыштын саны 14 пайызга көбөйдү

2019-жылы республиканын аймагында аялдарга карата 4,4 миң кылмыш жасалып, 2018-жылга салыштырмалуу 14 пайызга көбөйгөн. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет маалымдайт.

Адамды уурдоо кылмышы 2,3 эсеге, зордуктоо — 2,1 эсеге, адам сатуу — 2 эсеге өстү.

2019-жылы аялдарга карата мажбурлап никеге тургузуу менен байланышкан 24 кылмыш жана диний ырым-жырымдарды өткөрүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу менен 11 кылмыш жасалган.

2019-жылы кризистик борборлорго 6 миң 687 адам кайрылса, алардын 90 пайызы аялдар. Көбүнчө 18-34 жаш курагындагы жаш аялдар жардам издейт.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18