24.kg
12:25, 27 января 2021, 24.kg

ИИМ бир жылда 172 уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн кармаган

2020-жылдын 12 ай ичинде ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан уюшкан кылмыштуу топтордун 172 мүчөсү ар кандай кылмыш фактылары боюнча кармалган жана кылмыш жообуна тартылууда. Бул тууралуу КР Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Кармалган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү тарабынан жасалган кылмыштар: киши өлтүрүү — 3, денеге оор залал келтирүү — 6, адам уурдоо — 2, опузалап талап кылуу — 15, каракчылык — 7, тоноо — 2, алдамчылык — 28, бейбаштык — 25, уурулук — 14, мыйзамсыз курал сактоо — 10, баңгизаттарга байланыштуу — 3 жана башка 17 кылмышты жасашкан.

Ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан 2020-жылдын 12 ай ичинде уюшкан кылмыштуу топтордун кармалган мүчөлөрүнүн ичинен 9у криминалдык чөйрөдө жогорку статусун алып жүргөндөр болгон.

ИИМдин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, республика боюнча атайын автоматташтырылган маалымат базасында К. Көлбаев, А. Батукаев, А. Бокушев түптөгөн үч уюшкан кылмыштуу топтун жана ар кандай кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнүн жалпы саны 1 миң 76 жаран ыкчам каттоого алынган.

ИИМдин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын жана анын бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан 403 жалпы мүнөздөгү кылмыштардын бети ачылган, алардын арасында 22 адам соттон жана тергөө амалдарынан качып жүргөндөр кармалган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18