24.kg
11:35, 27 января 2021, 24.kg

Жаныш Бакиевдин аялы Кыргызстанга келгени айтылууда

Мурдакы президент Курманбек Бакиевдин иниси Жаныш Бакиевдин аялы Орозгүл Токторбаеванын Кыргызстанга келгени айтылууда. Бул тууралуу анын курбусу, ырчы Айчүрөк Султанова социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

Анын айтымында, Орозгүл Токторбаева жаңы долбоор менен келди.

«Ажарлуу курбубуз Орозгүл Токторбаева келип, кубанычыбызда чек жок», — дейт ал.

Ырчы бир аздан кийин сүрөттү алып салган.

Орозгүл Токторбаева дагы ырчы. Ал акыркы жылдары Минск шаарында жашап, Жаныш Бакиев менен кызын жана уулун тарбиялап келет.

Facebook баракчасындагы сүрөттөрүнө караганда, Орозгүл Токторбаева буга чейин дагы Кыргызстанга келип кеткен. Ал 2017-жылы Ошто болгонун сүрөт астындагы комментарийде ырастаган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18