24.kg
17:42, 26 января 2021, 24.kg

Рахмон: Бүгүнкү күндө Тажикстанда COVID-19 жок

Эмомали Рахмон 26-январда парламентке кайрылуу жолдоп жатып, ушул тапта Тажикстанда коронавирус жок экенин айтты.

Президент 1-январдан баштап өлкөдө вирус жуктурган учур катталбаганын белгиледи. Ошол эле маалда өлкө башчы эл санитардык-гигиеналык эрежелерди сактоону улантышы зарыл экенин билдирди. Ал чет өлкөдөн келген кишилердин баарын карантинге алууну тапшырды.

Буга чейин Тажикстандын Саламаттык сактоо министрлиги жыл башынан бери бирин-экин гана киши коронавирус жуктуруп алганын маалымдаган. 10-январдан кийин өлкөдө инфекция жуктурган учур расмий түрдө катталган эмес. Бирок эксперттер расмий статистикага ынанышпайт жана ооруну жуктургандардын жана андан өлгөндөрдүн саны алда канча көп экенин айтышууда.

Рахмон той-аш өткөрүүдө, жамаат менен намаз окууда этият болууга чакырып, санитардык эрежелер сакталбаган учурда мечиттер жабыларын эскертти.

Тажикстанда мечиттер 1-февралдан тартып иштей баштайт.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18