24.kg
16:46, 26 января 2021, 24.kg

Садыр Жапаровдун инаугурациясы филармонияда өтөт. Ага журналисттер киргизилбейт

Садыр Жапаровдун инаугурациясы 28-январда Кыргыз улуттук филармонияда 10.30да башталат. Иш-чара түз эфирде чагылдырылат. 

Президенттин расмий ишке киришүү аземине жөнөкөй жарандар, коомдук ишмерлер жана дипломатиялык корпустун өкүлдөрү катышат. Андан тышкары Кыргызстандын экс-президенттери, анын арасында Сооронбай Жээнбеков дагы чакырылды.

Президенттин маалымат кызматы, эпидиомологиялык кырдаалды эске алуу менен иш-чара түз эфирде чагылдырып, ага журналисттер катышпастыгын айткан. Бирок, айрым жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү чакыруу алгандыгын социалдык тармакта жарыялоодо.

Садыр Жапаров 79 пайыз добуш менен 10-январда өткөн президенттик  шайлоону утуп чыкты. 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18