24.kg
16:19, 26 января 2021, 24.kg

Көчөдө туруп, соода кылгандар менен күрөш. Мэрия УКМКдан жардам сурады

Борбор калаадагы чоң базарлардын айланасындагы стихиялуу соода менен узак күрөшкө карабастан бул маселе азыркы күнгө чейин актуалдуу. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, шаардыктардан кээ бир кызмат адамдарына, кызматтык абалын пайдаланып мыйзамсыз стихиялык соода жагынан өзүнүн колдоочулугу үчүн акча каражаттарын алып жатышат деген арыз түшүп жатат. Бул фактылар Ош, Аламедин жана Ортосай базарлардын айланасында болуп жатат.

«Бул абал менен пайдаланып ар кандай саясий топтор борбордогу кырдаалдын туруксуздугуна шек келтирүүгө аракет кылышы ыктымал. Ага байланыштуу шаар мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттине текшерүү өткөрүү үчүн кат жөнөттү», — дешет мэриядагылар.

Белгилей кетсек, стихиялуу соода менен күрөш шаар боюнча күчөтүлөт.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18