24.kg
12:47, 25 января 2021, 24.kg

Транспорт министрлигинин аткаминери мыйзамсыз байыган фактысы текшерилүүдө

Транспорт министрлигине караштуу жол чарбачылыгы департаментинин директоруна карата мыйзамсыз байыган деген шектенүү менен сотко чейинки тергөө иши башталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз борбору билдирет.

Маалыматка ылайык, И.Ш.М. мамлекеттик кызматта иштей баштагандан тартып кымбат кыймылсыз мүлк жана бодо мал сатып алган. Ал мүлктүн жалпы баасы аткаминердин расмий эмгек акысынан ашып түшөт.

Аткаминер мүлкүн расмий кирешеси жок туугандарына каттаганы белгилүү. Аларга үч жер там, кымбат унаа жана Бишкектин борбордук райондорунда 20дан ашуун батир катталган.

Аткаминер жана анын туугандары чет өлкөлөрүндө эс алууга мүмкүнчүлүк алган.

«И.Ш.М. өз активдерин жол курууга сатылып алынган курулуш материалдардын эсебинен көбөйткөн. Жол куруу тармагына жыл сайын бюджеттен 3 миллиард сом бөлүнүп турчу. Учурда коррупциялык жол менен байыган башка аткаминерлер да иликтенүүдө», — деп билдиришти УКМКда.

Белгилей кетсек, жогоруда аталган департаментке Шабданбек Иманкулов директорлук кылат.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18