24.kg
11:09, 25 января 2021, 24.kg

Анжелика жол кырсыгына кабылып, кызы экөө жабыркады

Кечээ Ысык-Көлдөн келе жатып ырчы Анжелика Кайратова жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу анын жакындары маалымдашты.

Ырчы учурда Бишкек шаарындагы травматология жана ортопедия борборунун жандандыруу бөлүмүндө жатат. Анын омурткасы сынган. Ага кечээ профессор Сабырбек Жумабеков шашылыш операция жасады, дагы бир операция жасоо пландалууда. Абалы оор бирок туруктуу экени айтылууда.

Анжелика менен бирге унаада үч кызы тең болгон. Унааны курбусу башкарып бара жатканы маалымдалат.

Эң кичүү кызы Айлиндин буту сынып, ага дагы операция жасалды.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18