24.kg
17:39, 21 января 2021, 24.kg

Кыргызстанда калктын канча пайызы COVID-19 менен ооруганы иликтенүүдө

Кыргызстанда калктын канча пайызы COVID-19 менен ооруганы иликтенүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, жеке менчик ооруканалардын маалыматында, калктын 47 пайызы вирустан ооруп айыкты.

«Өкмөттүн тапшырмасы менен биз калктын вируска каршы иммунитетин текшерип жатабыз. Коллективдик иммунитетти тактайбыз. 27-январга чейин так маалымат болот», — деди ал.

Республикалык штабдын маалыматында, март айынан бери Кыргызстанда 83 миң 585 киши коронавируска чалдыкты.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18