24.kg
14:04, 21 января 2021, 24.kg

Садыр Жапаров премьер-министрлигин тапшырып, өкмөт отставкага кетти

Садыр Жапаров премьер-министрлигин тапшырып, өкмөт отставкага кетти. Бул тууралуу КР президентинин аппаратынын жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов билдирди.

Айтымында, Садыр Жапаров өкмөт башчылыктан кетүү чечимин кечээ кабыл алды.

«Мындан улам өкмөт толугу менен отставкага кетти. Анткен менен министрлер кабинетинин жаңы курамы дайындалганга чейин алар өз милдеттерин аткарууну уланта беришет», — деди Касмамбетов.

Эске салсак, 5-6-октябрдагы окуялардан кийин Кыргызстанда жаңы өкмөт дайындалып, аны Садыр Жапаров жетектеп калган. Бирок ал президенттик шайлоого аттанган соң, кызматын убактылуу токтотуп, өкмөт башчынын милдетин аткаруучу катары биринчи вице-премьер Артем Новиков иштеп жаткан.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18