24.kg
14:32, 20 января 2021, 24.kg

Курсан Асановдун арызы менен Ош шаарындагы үч тилкедеги добуштар кайра саналат

Борбордук шайлоо комиссиясы Ош шаарындагы № 5319, 5320, 5559 тилкелериндеги добуштарды кайра саноо чечимин кабыл алды. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.

Маалыматка караганда, БШКга арыз менен президенттикке талапкер Курсан Асановдун ыйгарым укуктуу өкүлү кайрылган.

«Арызда № 5319-шайлоо участогунда Курсан Асановго аз дегенде 9 адам (алардын аты-жөнү көрсөтүлөт) добуш бериши керек эле, бирок АСУнун жана кол менен эсептөөнүн маалыматы боюнча талапкерди 4 шайлоочу колдогон. № 5320-шайлоо участогунда 6 адамдын ордуна бирөө добуш берген. № 5559-шайлоо участогунан Асанов 7 добуш алган. Талапкер 15 добуш алуусу керек экен. Арызда аты-жөнү көрсөтүлгөн шайлоочулардын түшүндүрмөлөрүнүн көчүрмөсү да тиркелген», — дейт мекеме.

Белгилей кетсек, шайлоодо Курсан Асанов 0,49 пайыз добуш алды.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18