24.kg
12:13, 20 января 2021, 24.kg

Акылбек Жапаров жумушсуздарды билетин төлөп Россияга жөнөтүүнү сунуштады

Кыргызстанда пандемия учурунда 500 миң киши жумушсуз калды. Бул тууралуу депутат Акылбек Жапаров бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Эл өкүлү жумушсуздарды Россияга жөнөтүүнү сунуштады.

«Собянин жумуш орундар көп, киши жетишпей жатканын айтты. Керек болсо бир нече поездге жүктөп Россияга жөнөтүш керек. Билет акысына өкмөт жардамдашса болот. Балдардын жол киресин төлөп берели. 1-2 жылдан кийин алар акчаны кайтарып беришет. Милициянын маалыматында, уурулук күчөп жатат. Албетте элдер уурдап баштайт да, ачка калса», — дейт Акылбек Жапаров.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18