24.kg
12:46, 19 января 2021, 24.kg

Ашхабад ооруканаларында COVID-19 менен ооругандарга орун жетишсиз болууда

Ашхабадда ооруканаларда орун жетишпей, бейтаптардын абалы бираз дурус болгон соң эле үйлөрүнө чыгарылууда.

Мындан тышкары COVID-19дун белгилери байкалып, бирок ооруканага жатуудан баш тарткан кишилерге карата көрүлө турган чаралар жумшартылды.

Бул арада өткөн аптада Түркмөнабад шаарындагы көп функционалдуу ооруканага саламаттык сактоо министри иш сапар менен келерде мекеменин жетекчилиги коронавирустун белгилери байкалган кызматкерлерди «көздөн далдоо болууга» көрсөтмө бергени айтылууда.

Министр келерден бир күн мурун карантин бөлүмүндө иштеген бир нече кызматкерден, анын ичинде тазалык кызматкеринен коронавирус аныкталган. Оорукана жетекчилиги аларды дарылоодон баш тартып, жумушка келбей турууну сунуштаган. «Азаттыктын» казак кызматы өз булактарынын коопсуздугун сактоо максатында ооруп жаткан кызматкерлердин атын атаган жок.

Түркмөнстанда COVID-19 менен ооругандардын жана өлгөндөрдүн саны көбөйүп жатканына карабай, бийлик өлкөдө коронавирус жок экенин билдирип келет. Расмий Ашхабад бүгүнкү күнгө чейин COVID-19ду аныктоо үчүн тапшырылган анализдердин үлгүлөрүн Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) лабораторияларына жөнөтө элек.

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18