24.kg
11:05, 19 января 2021, 24.kg

Өткөн суткада өрттүн кесепетинен эки киши каза болду

Өткөн суткада өрттүн кесепетинен эки киши каза болду. Бул тууралуу Өзгочө кырдаал министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, ордо калаабыздын Биринчи Май районундагы"Ак-Жол" автобазанын аймагында жайгашкан жалпы аянты 160 чарчы метр курулуш вагону толугу менен жана VOLVO үлгүсүндөгү автоунаанын прицеби күйгөн. Өрттүн кесепетинен эркек киши каза болгон. Учурда анын аты-жөнү такталууда. Маркумдун жансыз денеси ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Мындан тышкары, Панфилов районунун Каптал-Арык айылындагы Центральный көчөсүндө турак үйдүн жыгач устундуу шифер жабылган 6 чарчы метр чатыры жана ички жасалгасы күйгөн. Өрттүн кесепетинен эркек киши каза болгон. Жансыз денени ИИМ кызматкерлерине өткөрүлгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18