24.kg
17:16, 18 января 2021, 24.kg

Кыргызстан Россиядан авиакаттамдарды көбөйтүүнү суранды

Кыргызстан Россиядан авиакаттамдарды көбөйтүүнү суранды. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында Жарандык авиация агенттигинин директору Сталбек Шаршеев билдирди.

Анын айтымында, каттамдарды кыргыз тараптан «Авиатрафик», Россия тараптан «Аэрофлот» авиакомпаниясы жүргүзүүдө. 

«Ошондой эле 80ден ашык чартердик каттамдар учууда. Чартердик каттамдарды үзгүлтүксүз рейстерге өткөрүү боюнча вице-премьер-министр менен жыйын болуп, Россиянын коронавирус менен күрөшүү боюнча штабына кайрылдык. Россия тараптан жооп күтүп жатабыз», — дейт ал.

Шаршеев Жарандык авиация агенттиги билеттердин баасын коюуга тиешеси жоктугун белгилейт.

«Аны авиакомпаниялар өз ара атаандаштыктын негизинде билеттин баасын коет. Кыргыз авиакомпаниялар билеттин баасын эконом класста 32-33 миңден сатат. Ал эми Россия тарап 50 миң сомдон ашык сатпайт. Бизнес класста билеттин баасы 70 миңден 300 миңге чейин сатылат», — деди Шаршеев.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18