24.kg
16:58, 18 января 2021, 24.kg

Кайрат Примбердиев «КР эмгек сиңирген артисти» наамын сактап калды

Ырчы Кайрат Примбердиевден «КР эмгек сиңирген артисти» наамы алынган жок. Бул тууралуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын маалыматына таянып президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

«Жазык кодексинин 64-беренесине ылайык, адамдан мамлекет тарабынан берилген жогорку сыйлыктар ал кызмат абалынан пайдаланып оор жана өтө оор кылмыш кылганда гана кайтарып алынат», — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле мындай жооп Маданият, маалымат жана туризм министрлигине жөнөтүлгөнү кошумчаланды.

Көп өтпөй министрлик маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбековдун ырчылар Курал Чокоев менен Кайрат Примбердиев менен жолукканын кабарлады. Жолугушуу жылуу маанайда өтүп, мындан ары пайдалуу демилгелерди биргеликте аткаруу боюнча макулдашуулар болгону кошумчаланды.

Эске салсак, буга чейин Курал Чокоевдин чет элдик көрсөтүүлөрдү туураган долбоору чыгып, аны интернет колдонуучулар катуу сынга алышкан. Ырчы Кайрат Примбердиев жана Кайрат Кыргыз катышкан бул долбоордо коомго жат, адепсиз сөздөр айтылат.

Маданият министрлиги 2011-жылы Чокоевге ыйгарылган «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгисин кайтарып алган. Ал эми Примбердиевдин «КР эмгек сиңирген артисти» наамынан ажыратуу боюнча президенттин аппаратына сунуш жөнөткөн.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18